4-сентябрга карата аба ырайы

4-сентябрда республика аймагында жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Шаршембиде тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө 25…30, Талас, Нарын өрөөндөрүндө 22…27, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында 27…32, Ысык-Көлдө 20…25 градус жылуу болот.
Күндүн табы Бишкекте 27…29, Ош шаарында 28…30 градусту көрсөтөт.