Колдоп, бапестеген жубайынан айрылуу оор тийген. Өскөн Даникеевдин бактысы жана кайгысы

Sputnik
Өскөн Даникеев 1934-жылдын 1-декабрында Фрунзе шаарына бир аттам жерде – Сокулук районуна караган токбайлар жердеген Чоң-Жар айылында туулган. Балалык кезинде башкалар сыяктуу эле согуштун каарын таткан. Атасы 12 жашында атасынан, үч ай өтпөй апасынан каза болуп калат. 17 жаштагы эжеси жана 4,5 жаштагы карындашынан ажырап калат. Кийин атактуу №5 мектепте билим алып, келечекте мыкты тоо инженери адиси болот. Бул жаатта да мыкты иштерди жасаган. "Бакир" аңгемеси менен кыргыз адабиятына баш багып, кийин "Кыздын сыры" повести менен таанылган Өскөн Даникеев азыр 90 жашта. Жазуучунун жашоодо жараткан ийгилигине анын жубайы Зина апанын эмгеги чоң экенин меймандар белгилешти. Экөө бири-биринин көңүлүн карап жашашкан, бактылуу жубайлардан болушкан. Байбичесинин өмүрдөн кетиши жазуучуга өтө чоң сокку болгон.