Жүрөк оорулары эмнеге “жашарып” жатат? — себеби, кесепети, алдын алуу иштери

Sputnik
Жүрөк оорулары акыркы убакта “жашарып” жатат. Мындай диагноз менен ооруканага түшкөн отузга жашка чейинки бейтаптар көбөйдү. Жада калса арасында өспүрүмдөр дагы кезигүүдө. Бул нерсенин негизги себептеринин бири катары жаштардын күнүмдүк жашоо образынын өзгөргөнү экени айтылууда. Тактап айтсак, туура эмес тамактануу режиминен баштап, көпчүлүк жаштар жактырып жеген фаст-фуд, энергетиктер дагы жүрөк оорусуна кабылтарын адисттер айтышууда. Ошондой эле электрондук чылымдар, спирт ичимдиктери, баңгизат колдонуу жүрөк ооруларын чакырууда.
Жүрөк оорулары эмнеге “жашарып” жатканы тууралуу кардиолог Алина Алдаярова менен маек курдук.