Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Sputnik
Экономика жана коммерция министрлиги Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүү сунуштап, долбоор коомдук талкууга чыгарылды.Буга чейин ишкерлерди коргоо боюнча мыйзам кабыл алынып, Кылмыш-жаза, Укук бузуулар жөнүндө жана Кылмыш-жаза процессуалдык кодекстерине бир катар өзгөртүүлөр киргизилген. Ага ылайык, экономикалык кылмыштар үчүн бөгөт коюуда электрондук байкоо жүргүзүү, күрөө колдонуу же үй камагына алуу каралган. Бирок бул ченемдер "тергөө органынан жана соттон жашырынып жүргөн адамдарга же өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирген, же өзгөчө ири өлчөмдө киреше алуу менен коштолгон жосунду жасаган адамдарга жайылтылбай" турганы жазылган.Эми министрлик Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 114-беренесинин 4-бөлүгүнүн экинчи абзацындагы "же өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирген, же өзгөчө ири өлчөмдө киреше алуу менен коштолгон жосунду жасаган адамдарга" деген сөздөрдү алып салууну сунуштоодо. Башкача айтканда, экономикалык ишмердүүлүк менен алектенген ири ишкерлер камакка алынбайт.
Коргоо министрлиги Кыргызстанда өтө турган ЖККУнун окуу-машыгууларына даярдыктарды көрсөттү.Маалыматка ылайык, аталган иш-чара 7-сентябрдан 11-сентябрга чейин №20636 аскер бөлүгүнүн окуу-машыгуу борборунда болот. "Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Ыкчам жооп кайтаруу жамааттык күчтөрүнүн командалык-штабдык "Өз ара аракеттенүү - 2024", чалгындоо күчтөрү жана каражаттары менен "Издөө-2024", ошондой эле материалдык-техникалык камсыздоо күчтөрү менен "Эшелон-2024" атайын машыгуулары өтөт. Машыгуу "Борбор Азия аймагындагы куралдуу чыр-чатактарды чечүү боюнча ЖККУнун Ыкчам жооп кайтаруу жамааттык күчтөрү менен биргелешкен операциясын даярдоо жана өткөрүү" темасында пландалып, үч этапта болот", — деп жазылган маалыматта.
Кургак учукту жугузуу кооптуулугун жараткандар иштей ала турган жумуштардын тизмеги бекитилди. Министрлер кабинетинин тиешелүү токтом долбоорун Саламаттык сактоо министрлиги иштеп чыкты. Анын максаты ишкердиктин ар кандай чөйрөлөрүндө кургак учукка каршы санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту камсыз кылуу, анын жайылышын көзөмөлдөө болуп саналат. "Өлкөдө кургак учук боюнча эпидемиологиялык абал кооптуу бойдон калууда. Кыргызстан кургак учуктун көп дарыга туруктуу түрү жайылган 30 өлкөнүн катарына кирет. Бул дарттын жайылуусу жана өлүмгө кептеген көрсөткүчтөр жогору бойдон калууда. Адам көп топтолгон билим берүү, саламаттык сактоо, коомдук тамактануу жана тейлөө тармактарында кургак учуктун аныкталган учурлары тынчсыздандырат. Аткарыла турган жумуштардын тизмегин түзүү кызматкерлерди жана айланадагыларды коргоо боюнча тийиштүү санитардык-эпидемиялык алдын алуучу иш-чараларды жүргүзүүгө көмөктөшөт", — деп жазылган анын негиздемесинде.
Украинадагы азыркы кырдаал курчуп отуруп дүйнөлүк чатакташууга айланып кетсе АКШ океандын ары жагында тынч отурбайт. Бул туурасында РФтин АКШдагы элчиси Анатолий Антоновдун айтканын РИА Новости жазды. Дипломат жалданма кишилерди кошпогондо деле истребителин же алыска атылуучу ракетасын, заманбап куралдарын канча жөнөтсө да Вашингтон эми согуш талаасындагы абалды өзгөртө албастыгын эске салды. Элчи учурда Россиянын аймагында украиналык чабуулдарды кеңейтүү жаатында кеп болуп жаткандыгын белгиледи. Жергиликтүү басылмалар алыска атуучу америкалык куралдар менен Россияда чабуул коюла турган объектилердин тизмесин даярдоо боюнча кызуу талкууну жазган эле.