Маймыл чечегин өлкөгө алып кирбөө багытында кандай аракеттер көрүлүүдө?

Sputnik
Кыргызстанда ушул тапта маймыл чечеги катталган жок. Бүгүнкү күндө өлкөгө маймыл чечегин алып кирбөө максатында аэропорттор жана чек арадагы өткөрмө пунктарында 12 санитардык көзөмөл пункттары бар. Анда эпидемиологдор иштейт, алар бөлөк өлкөдөн келгендерди сөзсүз тепловизордон өткөрүп жатышат. Тепловизордон өткөндө ооруган адам болсо, дене табы жогорулаганын сөзсүз түрдө көргөзөт.
Андай симптомдор аныктала турган болсо дароо өзүнчө изоляция кылып, Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасына алып барат дагы диагнозун тактаганга чейин ошол жакта кармашарын жана ал жактан дарылануу жолдорун дарыгерлер Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде айтып беришти.