Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Sputnik
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Абдымомунов көчөсү, 207 дарегинде жайгашкан президенттик администрациянын имаратын Тышкы иштер министрлиги менен Экономика жана коммерция министрлигине өткөрүп берди. Министрлер кабинети тараткан видеолордо Өкмөт үйүн өткөрүп алуу учуру чагылдырылган.Анда ТИМ башчысы Жээнбек Кулубаев менен экономика министри Данияр Амангелдиев имаратты кабыл алып, ыраазычылык билдирип жатканын көрүүгө болот.Бул имаратта жайгашкан президенттик администрация эми борбор калаанын түштүк жагына курулган "Ынтымак ордого" 10-сентябрга чейин көчөрү айтылган. Анын ачылышы 30-августта болду.
Быйыл өлкөдө мөмө-жемиш, бакча өсүмдүктөрү өткөн жылдын ушул мезгилине караганда 71 миң тоннага көп жыйналды. Анын жалпы көлөмү ушул убакытка карата 231 миң тоннаны түзүүдө. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги билдирди.Маалыматка ылайык, жашылча болсо ушул тапта өлкө боюнча 539,4 миң тонна жыйналган. Бул көрсөткүч өткөн жылдын тиешелүү мезгилиндегиден 127 миң тоннага көп."Учурда республика боюнча дан өсүмдүктөрүн жыйноо кызуу жүрүүдө. Жалпы 417 миң гектар жерден түшүм орулду, бул жалпы аянттын 70 пайызын түзөт. Быйыл дан өсүмдүктөрү өткөн жылга салыштырмалуу 29 миң гектарга көп айдалган", — дешти министрликтен.Буудай Жалал-Абад, Талас жана Ысык-Көл облустарында жакшы түшүм берген. Анда дыйкандар гектарынан 30-33 центнерден түшүм алышууда. Арпанын жогорку түшүмдүүлүгү Чүй облусунда байкалды, анда гектарынан 29 центнерден алынууда. Жүгөрү Ош облусунда жакшы түшүм берген.
1-ноябрдан тарта Кыргызстандын электрондук соода платформалары товардык-транспорттук коштомо кагаз колдонууга милдеттүү болот. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан кабарлашты. Ага ылайык, тиешелүү токтомду министрлер кабинети кабыл алган."Жаңы өзгөртүүлөргө ылайык, ишкерлер товарды Салык кызматынын маалыматтык системасы менен интеграцияланган аянтчалар аркылуу сатса, ЭТТКны тариздөөдөн бошотулат", — деп жазылат кабарда. Мындан улам Салык кызматы соода платформаларын ведомствонун маалыматтык системасы менен интеграциялоого чакырды.Интеграция боюнча толук маалымат алуу үчүн соода платформаларынын өкүлдөрүно кайрылса болору кошумчаланды.
Украина жана аны союздаштары Эл аралык кылмыш сотунун буга чейин чыккан Россиянын президенти Владимир Путинди кармоо чечимин аткарбай койгону үчүн Монголияга каршы чараларды көрөт. Бул тууралуу Украина ТИМинин расмий өкүлү Георгий Тихий X социалдык тармагына жазганын РИА Новости кабарлады. "Монголиянын өкмөтүнүн Эл аралык сот Путинди кармоо үчүн берген ордерди аткаруудан баш тартканы Эл аралык сотко урулган катуу сокку. Мындан улам Улан-Баторго тийчү кесепети боюнча бул жаатта өнөктөштөр менен иш алып барабыз", — деген ал.Россия юрисдикциясын тааныбай турган Эл аралык кылмыш соту Путин менен РФтин балдар акыйкатчысы Мария Львова-Белованы камоо боюнча ордер берип, Россияны украиналык аткылоодон сактап, коопсуз жайларга согуш болуп жаткан жерден алып кеткени үчүн балдарды депортациялады деп күнөөлөгөн.Эске салсак, Путин дүйшөмбү күнү Монголияга Халхин-Голдогу советтик-моңгол куралдуу күчтөрүнүн жеңишинин 85 жылдыгына катышуу үчүн барган. Ал жерде тар жана кеңири форматтагы сүйлөшүүлөр өткөрүлмөкчү.