Жаңы аэропорттор жарандарды кабыл алууга даяр — сертификация, ИКАОнун аудити кандай өттү?

Sputnik
Кыргызстанда жарандык авиацияны өнүктүрүү иштерине өзгөчө көңүл бурулуп жатат. Республика аймагында аэропорттор ачылып, реконструкциядан өтүп, модернизация иштери жүрүп жатат. Мамлекеттик жарандык авиация агенттиги Эл аралык жарандык авиация агенттигинин аудитинен өттү. Буга чейин мындай масштабдуу аудит 2017-жылы болгон. Мындан тышкары, республикадагы аэропортторду сертификациядан өткөрүү, инспексторлорду окутуу, жаңы учактар, кыргыз авиациясындагы “кара тизмеден” чыгуу аракети тууралуу Мамлекеттик жарандык авиация агенттигинин укуктук колдоо жана кадрдык иш бөлүмүнүн башчысы Бектур Жумалиев тушүндүрдү.