1-ноябрдан тарта Кыргызстанда ЭТТК колдонуу милдеттүү болот

Ишкерлер товарды Салык кызматынын маалыматтык системасы менен интеграцияланган аянтчалар аркылуу сатса ЭТТКны тариздөөдөн бошотулары айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. 1-ноябрдан тарта Кыргызстандын электрондук соода платформалары товардык-транспорттук коштомо кагаз колдонууга милдеттүү болот. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан кабарлашты.
Ага ылайык, тиешелүү токтомду министрлер кабинети кабыл алган.
"Жаңы өзгөртүүлөргө ылайык, ишкерлер товарды Салык кызматынын маалыматтык системасы менен интеграцияланган аянтчалар аркылуу сатса, ЭТТКны тариздөөдөн бошотулат", — деп жазылат кабарда.
Мындан улам Салык кызматы соода платформаларын ведомствонун маалыматтык системасы менен интеграциялоого чакырды.
Интеграция боюнча толук маалымат алуу үчүн соода платформаларынын өкүлдөрү 0312 61-01-98 номерине кайрылса болору кошумчаланды.
Радио
Кыргызстанда ЭТТК колдонуу жөнөкөйлөштүрүлүп жатат