"Ынтымак ордодо" алгачкы кеңешме өттү. Сүрөттөр

Эки жылда курулуп бүткөн "Ынтымак ордонун" салтанаттуу ачылышы 30-августта өткөн.
Sputnik
БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров "Ынтымак ордодо" алгачкы кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
1 / 2

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров "Ынтымак ордодо" алгачкы кеңешме өткөрдү

2 / 2

Жыйындын жүрүшүндө өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн актуалдуу маселелери, калктын жашоо-турмушун жакшыртууга багытталган стратегиялык демилгелерди ишке ашыруунун жүрүшү, ошондой эле президенттик администрациянын ушул жумадагы иш планы талкууланган

Жыйындын жүрүшүндө өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн актуалдуу маселелери, калктын жашоо-турмушун жакшыртууга багытталган стратегиялык демилгелерди ишке ашыруунун жүрүшү, ошондой эле президенттик администрациянын ушул жумадагы иш планы талкууланган.
"Президенттик администрациянын жаңы имаратынын ачылышы — жаңылануунун символу. Жаңы имаратта иштөө жөн эле жер алмаштыруу эмес, бул — мамлекетибиздин тарыхынын жаңы барагы. Элибиздин бакубат жашоосу үчүн жан дилибиз менен иштөөгө милдеттүүбүз", — деди Жапаров.
Жыйынга президенттик администрациянын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, министрликтердин, ведомстволордун жетекчилери жана президенттин аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү видеоконференция аркылуу катышты.
Эскерте кетсек, эки жылда курулуп бүткөн "Ынтымак ордонун" салтанаттуу ачылышы 30-августта өткөн. Ал эми эртеси президенттин иш башкаруучусу ЖМК өкүлдөрүн кыдыртып, ички жасалгасын көрсөткөн.
Ташиев жаңы Ак үй эмнеге тосулганын түшүндүрүп, элди экскурсияга чакырды