Башкы прокуратура тыюу салынган террористтик уюмдардын тизмесин жарыялады

Sputnik
БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Кыргызстандын Башкы прокуратурасы өлкөдө тыюу салынган экстремисттик жана террористтик уюмдардын тизмесин жарыялады.
Бул уюмдарга тыюу салуу чечими мурда соттор тарабынан кабыл алынган:
"Аль-Каида";
"Чыгыш Түркстан ислам кыймылы";
"Күрт элдик конгресси" ("Конгра-Гель");
"Чыгыш Түркстанды бошотуу уюму";
"Хизбут-Тахрир-аль-Ислами";
"Жихад тобу" ("Ислам жихадынын бирикмеси");
"Түркстан ислам партиясы" ("Өзбекстандын ислам кыймылы");
"Мун чиркөөсү";
"Жайшуль Махди";
"Жундь-аль халифат";
"Ансаруллох" ("Ансарул Аллах");
"Ат-такфир Валь-хиджра" ("Ат-такфир ва-л-хиджра");
"Акромия";
Саид Бурятскийдин (А.Тихомировдун) пропагандалык үгүттөө материалдары жана ишмердүүлүгү;
"Ишим", Ирак Шам ислам мамлекети (Игил);
"Жабхат ан-Нусра";
"Катибат аль-Имам аль-Бухари";
"Жаннат ошиклари";
"Жамаат ат-Таухид валь-джихад";
"Йакын Инкар".
Бул уюмдардын көбүнө Россияда да тыюу салынган.
ШКУ: дүйнө коомчулугу террорчуларды жашырган өлкөлөрдүн бетин ачышы керек