Россиянын "Евразия" бейөкмөт уюму Кыргызстанга 50 автобус белек кылды. Видео

Россиянын "Евразия" автономиялык коммерциялык эмес уюму Кыргызстандагы мектептерге 50 автобус белек кылды.
Sputnik
Алыскы аймактардагы балдар бул транспорт менен билим берүү мекемелерине жете алышат. Ар бир автобус 20 жүргүнчүгө ылайыкталган жана рюкзактар үчүн текчелер бар. Мындан тышкары, жаңы транспорт бардык коопсуздук стандарттарына ылайык жабдылган.
Автобустардын ачкычын тапшыруу аземинде министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бул иш-чара Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы жакшы мамиленин үлгүсү экенин белгиледи.
"Алыскы аймактарда мектеп автобустарын уюштуруу аркылуу балдарды мектептерге жеткирүү дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө практикаланат. Кыргызстан да ушул жолго түшө баштады", — деди Жапаров.
Тема боюнча:
Сегиз өлкөнүн педагогдору алгачкы Евразия мугалимдер кеңешин өткөрүштү