Пашинян Еревандын ЖККУ менен алакасын токтото туруусу боюнча айтты

Өкмөт башчы Еревандын Россия бийлиги менен алака негизинен бири-бирин урматтоо деңгээлинде экенине токтолгон.
Sputnik
БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Еревандын мүчөлүгүн токтото туруу чечимин татыктуу деп баалай турганын айтып, азырынча башка чечимдин зарылдыгы жок деген пикирин билдирди. Бул туурасында Sputnik Армения жазды.
"Армениянын ЖККУга катышуусун бардык жактан токтотуу азыркы учурда канааттандырган чечим деп ойлойм. Учурда башка чечимди көрө алган жокпуз", — деген Пашинян маалымат жыйында.
Премьер бул нерсе бийлик келечекте башка чечимди кабыл алуу зарылдыгын көрбөйт деген түшүнүк эместигин да белгилеген.
Ал Россиянын дарегине айтылган мазактоолорду орунсуз деп эсептей турганын билдирген. Армения премьери Еревандын Россия бийлиги менен алакасы негизинен өз ара сый-урматтын деңгээлинде экенине токтолгон.
"РФ өкмөтүнүн башчысы, президент менен байланышып турам, биз бири-бирибизди өз ара урматтоо деңгээлинде иштешебиз", — деген ал.
Ошол эле учурда ал Армения мүчө болгон ЕАЭБде экономикалык өз ара кызматташуунун майнаптуулугу, товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн жана жумушчу күчтүн эркин жүрүшү боюнча маселелер көтөрүлүп, кызуу талкуулар жүрүп жатканын, бирок Ереван бул талкууларда өтө активдүү эмес экенин кошумчалады.
Эске салсак, 2024-жылдын февралында Ереван ЖККУга мүчөлүгүн токтото туруу чечимин кабыл алган. Армениянын бийлиги мындай кадамга 2020 жана 2023-жылдардагы Азербайжан менен болгон чек ара кагылышууларынан, андан улам болгон тирешүүлөрдөн кийин бир нече жолу уюмду жана Россияны өз милдеттенмелерин аткарбай жатат деп айыптаган соң барган.
Пашинян "ЖККУ Армениянын алдындагы коопсуздук жаатындагы милдетин аткаруунун ордуна, тескерисинче, көйгөй жаратып жатат" деген. Мартта Армения уюмдан чыгып кетиши мүмкүндүгүн да айткан.
ЖККУ башкы катчысы: Армения союздаш бойдон кала берет