Өкмөт менен "Евразия" автономдуу бейөкмөт уюму маанилүү келишимге кол койду

"Евразия" уюму ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү билим берүү мекемелерине байма-бай колдоо көрсөтүп турмакчы.
Sputnik
БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. "Евразия" автономдуу бейөкмөт уюму менен Кыргызстандын министрлер кабинети кызматташууга кол койду. Бул тууралуу Россиянын Кыргызстандагы элчилиги билдирди.
Келишим салттуу баалуулуктарды сактоого жана бекемдөөгө багытталган долбоорлорду ишке ашырууну көздөйт.
1 / 2

"Евразия" автономдуу бейөкмөт уюму менен Кыргызстандын министрлер кабинети кызматташууга кол койду.

2 / 2

Келишим салттуу баалуулуктарды сактоого жана бекемдөөгө багытталган долбоорлорду ишке ашырууну көздөйт.

Тараптар маданий жана гуманитардык чөйрөдө, анын ичинде улуттук каада-салт, тил, саламаттык сактоо, илим, билим берүү, маалымат жана массалык коммуникациялар, спорт, туризм, жаштар менен иштөө боюнча маселелерде биргелешкен долбоорлорду ишке ашырмакчы.
Кол коюу аземине Россия тараптан катышкандар:
Мамдуманын төрагасынын орун басары Борис Чернышов;
Мамдуманын депутаты, “Евразия” уюмунун кеңешинин төрайымы Алена Аршинова;
РФтин КРдеги иштери боюнча ишенимдүү өкүлү Вадим Гусев.
Кыргыз тараптан катышкандар:
министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров;
билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева;
маданият министри Алтынбек Максутов;
экономика министри Данияр Амангелдиев;
Бишкек мэри Айбек Жунушалиев;
Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Таалайбек Иманов.
"Евразия" уюму ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү билим берүү мекемелерине байма-бай колдоо көрсөтүп турмакчы.
Россиянын "Евразия" бейөкмөт уюму Кыргызстанга 50 автобус белек кылды. Видео