Райым Матраимовдун "Эрем" клубу Ош шаарынын мэриясына өттү

Sputnik
БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Райым Матраимовдун үй-бүлөсүнө таандык "Эрем" спорттук клубу Ош шаарынын мэриясына өттү. Бул тууралуу муниципалитет кабарлады.
Маалыматка караганда, 29-август күнү Ош шаардык кеңешинин сессиясы болгон. Анда "Эрем" клубу мэриянын балансына өтө турганы боюнча токтом кабыл алынган.
"Мындан ары бул жайды муниципалитеттин спорттук комитети жетектейт", — деп айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, мартта УКМК Азербайжандан Бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Райымбек Матраимовду жана анын Тилек, Руслан жана Исламбек аттуу бир туугандарын экстрадициялаган. УКМК Райым Матраимовдун Кыргызстандын жетекчилигине кол салууга даярданып, Азербайжандан келген улуттар аралык уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү менен байланышы бар экенин билдирген. Учурда ал УКМКнын тергөө абагында жатат.
Көлбаев менен Матраимовдун мүлкү аукционго коюлду