Паралимпиадачы жөө күлүк Гүлназ Жүзбаева Парижде улуттук рекордду жаңылады

Жөө күлүк көзү азиз спортчулардын арасында күч сынашкан.
Sputnik
БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Парижде өтүп жаткан Паралимпиада оюндарында кыргызстандык спортчу Гүлназ Жүзбаева (коштоочусу Юлия Фернас) 1 500 метр аралыкты 6 мүнөт 11,36 секундда чуркап өттү.
Бул көрсөткүч көзү азиз жөө күлүктөрдүн арасында жаңы улуттук рекорд болуп саналарын Дене тарбия жана спорт комитети белгиледи.
Франциянын борборунда 28-августта башталган Паралимпиада оюндарына Кыргызстандан алгачкы жолу төрт спортчу катышууда.
Астанадагы V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары
V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына спортчулардын формасы даяр болду. Сүрөт