Сокулукта ойногону чыгып дайынсыз болуп жаткан 7 жаштагы бала изделүүдө

Sputnik
БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Сокулук районунда 7 жаштагы Амир Нуркайыпов изделүүдө. Бул тууралуу Чүй ОИИББинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө Кожомкул (мурдагы Военно-Антоновка) айылынын тургуну кайрылып, уулу 1-сентябрь күнү саат 16:20лар чамасында ойногону чыгып ошол бойдон кайтып келбегенин билдирип, таап берүү өтүнүчү менен кайрылган. Факт каттоого алынып, издөө иштери жүргүзүлүүдө.
Кара торусунан келген жеткинчектин бою 110-120 сантиметр экени айтылды, үстүндө боз түстөгү футболка, кара шорта, жайкы жеңил бут кийимчен жүргөн.
Көргөн-билгендер РИИБге, 03134 5-33-80, 0312-60-75-67 (нөөмөт бөлүмү) же 102 телефон номерине билдирсе болот.
“Ала-Тоо” аянтындагы майрамда 502 бала ата-энесинен адашып калган