Бишкекте 100 миң киши бата тургандай аянт салынат

Борбор калаадагы аянтта массалык иш-чаралар учурунда эл батпай калганынан улам жаңы аянт салуу чечими кабыл алынганы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Бишкекте 100 миң кишилик аянт салуу тапшырмасы коюлду. Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов билдирди.
Анын айтымында, Эгемендүүлүк майрамы белгиленген 31-августта борбордук аянтка эл батпай, өлкө жетекчилигин ойго салган.
"100 миң киши бата турган аянт салуу боюнча тапшырма берилди. Бул жакшы нерсе да, өсүүгө алып келет. Кыргызстандын талабы, элдин активдүүлүгү аябай өсүптүр. Борбордо жашоочулардын саны да өсүптүр. Усубалиев атабыз салып кеткен аянт жаңыланууну, башка бир жерге майрамдык иш-чараларды өткөрө турган жер салууну талап кылып калыптыр. Жакынкы күндөрү ошол аянтча менен камсыздайбыз", — деген Максутов.
Министр жаңы аянт кайсы жерге түшөрүн ачыктаган жок.
"Ала-Тоо" аянты кантип жасалып жатат. Дрондон тартылган видео