Кыргыз-кытай чек арасындагы “Бедел” өткөрмө пункту ачылды

Аталган жайды ачуу маселеси 1996-жылдан бери бүдөмүк болуп келип, эми гана ишке ашкан.
Sputnik
БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Кыргызстан менен Кытайдын мамлекеттик чек арасындагы “Бедел” өткөрмө пункту ачылды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Президент Садыр Жапаров бул Кытай менен стратегиялык өнөктөштүктүн өнүгүшүндөгү маанилүү кадам экенин жана эки өлкөнүн кызматташтыгында жаңы этапты билдире турганын айткан.

“Бедел” өткөрмө пунктун ачуу — биздин өлкө үчүн чоң жетишкендик. Анткени биз өлкө үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, дүйнөнүн алдыңкы экономикасы — Улуу Кытай менен өз ара кызматташтыктын бекем пайдубалын түптөп жатабыз, бул Кыргызстандын транспорттук-логистикалык потенциалын кыйла жогорулатууга мүмкүндүк берет”, — деген президент.

Жапаровдун айтымында, Кыргызстан дүйнөгө ачыктыгын, конструктивдүү жана жемиштүү кызматташууга даяр экенин көрсөтүшү керек.
"Натыйжалуу кадамдарды жасоо менен гана өнүгүүгө жетишүүгө болот. Биздин аракеттер муну менен эле чектелбейт — бул узак жолдун башталышы гана. Биздин өлкөлөрүбүздүн жана элдерибиздин ортосундагы достук чыңдала берсин”, — деп айтылат кайрылууда.
Аталган жайды ачуу маселеси 1996-жылдан бери бүдөмүк болуп келип, эми гана кыска убакыттын ичинде ишке ашкан. Өткөн жылдын май айында Жапаров Кытайга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында өлкө башчысы Си Цзиньпин менен “Беделди” ачууну макулдашкан.
"Жунда" заводу төрт жылдан кийин кайра ишке киргизилди