Кечээ Чүйдө болгон жол кырсыгынан 7 адам көз жумду. Каргашанын чоо-жайы

Алдын ала маалымат боюнча, автоунаанын дөңгөлөгү жарылып кеткен.
Sputnik
БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. 1-сентябрь күнү Бишкек — Нарын — Торугарт жолунун 51-чакырымында (Ивановка айылынын тушу) болгон жол кырсыгынан жети адам көз жумганын Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.
Маалыматта батыштан чыгыш тарапты көздөй катуу бараткан Subaru Outback автоунаасынын дөңгөлөгү жарылып кеткени айтылат. Айдоочу рулга ээ боло албай калган.
"Машина каршы тилкеге чыгып, Mercedes-Benz Sprinter менен кагышкан. Натыйжада эки Sprinter, Toyota Camry, Toyota Voxy кагышкан. Жети киши каза болду, дагы такталып жатат. Азыркы учурда тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө", — дешти ЖКККББдан.
Башкармалык айдоочулардан ылдамдыкты ашырбай айдоону өтүнүп, жол эрежелерин так сактоого чакырды.
Бишкектин четинде автоунаа сүзүп кеткен велосипедчен бала көз жумду