Туткундардын өлүмүнөн кийин Израилде митингге чыккандардын саны 700 миңге жетти

Сөөгү Палестинанын Рафах шаарындагы туннелдердин биринен табылган алты туткундун аты-жөнүн Израилдин Коргоо армиясы (ЦАХАЛ) жекшемби күнү эртең менен жарыялаган.
Sputnik
БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Израилде Газа секторундагы ок атууну токтотуу боюнча макулдашууга келүү талабы менен башталган каршылык акцияларына 700 миң киши чыкты. Бул тууралуу митингдин уюштуруучуларынын маалыматына таянуу менен РИА Новости жазды.
Тель-Авивде эле акцияга 550 миң киши катышкан.
Митинг ишемби күнү палестин радикалдарынын барымтасында 330 күн кармалып турган алты туткундун өлүмү тууралуу кабардан кийин башталган. Уюштуруучулардын айтымында, Тель-Авивдин көчөлөрүнө 300 миңдей киши чыгып, бир эле маалда өлкө боюнча жарым миллион израилдик тургун нааразылыгын билдирген эле.
Жергиликтүү полиция жекшемби күнү акциянын катышуучулары Тель-Авивдин борбордук бөлүгүндө башаламандык жасаганын кабарлаган. Активисттер шаардын негизги шоссесин тосуп алып, күч органдарына каршылык көрсөтүшкөн.
Сөөгү Палестинанын Рафах шаарындагы туннелдердин биринен табылган алты туткундун аты-жөнүн Израилдин Коргоо армиясы (ЦАХАЛ) жекшемби күнү эртең менен жарыялаган. Арасында 32 жаштагы бир россиялык жана 23 жаштагы бир АКШлык жаран бар.
Израиль армиясы "Хезболланын" миңдеген снаряддары жок кылынганын билдирди