БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңештин катарын алты депутат толуктап, бешөө ант берди.
Алар: Максатбек Сарыбагышевдин ордуна №36 Ысык-Көл бир мандаттуу округунан шайланган Айжигит Тыналиев, Жусупбек Коргонбай уулунун ордуна №5 Ноокат бир мандаттуу шайлоо округунан шайланган Бактыбек Марипов, "Ата-Журт Кыргызстан" партиясынан Мейкинбек Абдалиевдин ордуна шайланган Арсланбек Эгембердиев, "Бүтүн Кыргызстан" партиясынан Адахан Мадумаровдун ордуна шайланган Аккулу Бердиев, "Ыйман Нуру партиясынан" Нуржигит Кадырбековдун ордуна шайланган Эрнис Айдаралиев.
Ал эми Шайлообек Атазовдун ордуна шайланган №29 Свердлов шайлоо округунан шайланган Жумабек Салымбеков ден соолугуна байланыштуу келбегени, ал шаршемби күнү ант берерин төрага Нурланбек Шакиев белгиледи.
Мыйзамга ылайык, парламенттин сессиялары жыйналыш түрүндө сентябрдын биринчи жумушчу күнүнөн тартып келерки жылдын июнунун акыркы жумушчу күнүнө чейин өткөрүлөт.