Чүйдөгү жол кырсыгынан каза болгондордун саны 10го жетти

Буга чейин жети кишинин көз жумганы айтылган.
Sputnik
БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Бишкек — Нарын — Торугарт жолунун 51-чакырымындагы (Ивановка айылынын тушу) жол кырсыгынан каза болгондордун саны 10го жетти. Маалыматты Саламаттык сактоо министрлигинин Чүй облусундагы координатору Алмаз Назарбеков тастыктады.
Анын айтымында, кырсыктан жабыркагандардын бешөө Токмокто, бирөө Бишкекте, бирөө Канттагы ооруканада.
Үрөй учурган кырсык 1-сентябрда Бишкек — Нарын — Торугарт жолунун 51-чакырымында, тагыраагы, Чүйдөгү Ивановка айылынын тушунда болуп, 5 машина (экөө бус) кагышкан. Буга чейин жети кишинин көз жумганы айтылган болчу.
Качам деп милиционерди коюп кетти. “Манаска” кеткен жолдогу кырсыктын видеосу