Бишкекте "Ынтымак ордого" экскурсия башталды

Sputnik
БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. "Ынтымак ордого" экскурсия башталды. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди.
Маалыматка караганда, каалоочулар 2-сентябрдан тарта дүйшөмбүдөн ишембиге чейин жаңы Ак үйдүн ичин көрө алат. Бул үчүн өздүгүн тастыктаган документи болушу керек.
"Имаратка бир учурда 20 мейман кирет. Алар атайын журналга катталып, кайра экинчи жолу кире албайт. 20 адам экскурсиядан чыккан соң кезектеги кийинки 20 адамга уруксат берилет. Аларды коштоп, залдарды көрсөткөн кызматкер болот", — деди администрация.
Экскурсия саат 9:00дөн 17:00гө чейин өтөт.
"Ынтымак ордодо" алгачкы кеңешме өттү. Сүрөттөр