Бишкекте жаңы №64 автобус иштей баштады. Жол схемасы

Sputnik
БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Бишкекте 1-сентябрдан тарта жаңы №64 муниципалдык автобус иштей баштаганын мэрия билдирди.
Жаңы №64 муниципалдык автобустун схемасы
Бул каттамдын акыркы аялдамасы Ынтымак конушу менен Маевка айылында жайгашкан.
“Линияда 20 автобус бар, интервалы жети мүнөттөн”, — деди муниципалитет.
Мындан тышкары, шаардын маршруттук тармагын оптималдаштыруунун алкагында №145 автобустун кыймыл схемасы жарым-жартылай өзгөртүлдү.
Бишкек шаардык кеңеши троллейбустарды Ошко өткөрүп берүүгө макул болду