Акылбек Жапаров Мамдуманын депутаттары менен жолукту. Эмне кеп болду

Жолугушууда Евразия мейкиндигинде салттуу баалуулуктарды сактоо жана бекемдөө боюнча кызматташуу макулдашылган.
Sputnik
БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Мамдуманын депутаттары Борис Чернышов жана Алена Аршинова менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Жапаров кыргыз-орус мамилелери өсүп жатканын белгилеп, Россия аймактык коопсуздук, соода-экономикалык жана маданий өнүгүү маселелери боюнча ишенимдүү жана негизги өнөктөш экенин айткан.
1 / 2

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Мамдуманын депутаттары Борис Чернышов жана Алена Аршинова менен жолугушту

2 / 2

Жапаров кыргыз-орус мамилелери өсүп жатканын белгилеп, Россия аймактык коопсуздук, соода-экономикалык жана маданий өнүгүү маселелери боюнча ишенимдүү жана негизги өнөктөш экенин айткан

Ал “Евразия” автономдуу коммерциялык эмес уюмунун жетекчилигине Кыргызстанга грант түрүндө окуучуларга ылайыкташкан 50 автобус бергени үчүн ыраазычылык билдирген.
Министрлер кабинетинин башчысы Кыргызстан менен Россиянын ортосунда ири долбоорлор ишке ашырыла баштаганын, тактап айтканда, 9 билим берүү мекемеси, Кыргыз-Россия Славян университетинин кампусу жана филиалы курула баштаганын эске салды. Ошондой эле Россиянын жогорку окуу жайларында студенттер үчүн бюджеттик орундардын квотасы көбөйүп жатканын айткан.
Жолугушуунун жүрүшүндө Евразия мейкиндигинде салттуу баалуулуктарды сактоо жана бекемдөө боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюлган.
Россиянын "Евразия" бейөкмөт уюму Кыргызстанга 50 автобус белек кылды. Видео