Президенттин администрациясы “Ынтымак ордого” экскурсиянын тартибин өзгөрттү

Эми экскурсияга барууну каалагандар кезекке туруусу керек. Буга чейин жарандын өздүгүн тастыктаган документ жетиштүү болчу.
Sputnik
БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Президенттин администрациясы “Ынтымак ордого” экскурсиянын тартибин өзгөрткөнүн Садыр Жапаровдун маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдирди.
Анын айтымында, бүгүн жаңы Ак үйдү көрүүгө ашыккандар көп болгондуктан ортодо талаш-тартыш жаралган.
Эми экскурсияга барууну каалагандар Абдумомунов, 207 дарегинде жайгашкан президенттин администрациясынын мурдагы имаратынын түндүк-батыш тарабындагы өткөрүү бюросуна барып кезекке туруусу керек.
Ал жакта операторлор элди каттап, “Ынтымак ордого” саат канчага бара аларын айтышат. Мурдагы өкмөт үйүнүн жанында атайын автобустар болот. Алар алып барып, кайра эски аянтка алып келишет.
“Операторлор адамдардын электрондук кезегин карап, автобуска канчада чыгарыңызды айтып беришет. Мисалы, эртең менен 10дордо келсеңиз, түштөн кийин төрттө же үчтө, же эртең түшкү 12де автобус менен чыгасыздар деп түшүндүрүп беришет”, — деген Алагөзов.
Буга чейин каалоочулар дүйшөмбүдөн ишембиге чейин жаңы Ак үйдүн ичин көрө алары, бул үчүн өздүгүн тастыктаган документи болушу керектиги айтылган. Бүгүн экскурсиянын биринчи күнү болгон.
"Ынтымак ордодо" алгачкы кеңешме өттү. Сүрөттөр