Радио

12 жылдык билим берүү системасынын китептери 2026-жылы даяр болот

Билим берүү жана илим министрлигинин мектеп, мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Фариза Солтогулова 12 жылдык билим берүү системасы кирсе республика боюнча дагы 200 мектеп керек болорун айтты.
Sputnik
12 жылдык билим берүү системасында Сингапур — Кембридж багытындагы окуу китептери эки жыл ичинде даяр болот. Бул тууралуу Фариза Солтогулова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Сингапур программасы менен СТЕМ багытындагы предметтердин 32 аталыштагы китеби сатып алынган.
"Иш-аракеттер планы боюнча республикада мектептердин базасынын анализин жүргүзсөк, ар кандай жыйынтыктар чыкты. Бишкектин райондорунда абал ар кыл экен. Шаардагы 120 мектепте жалпы 102 333 окуучу бар. Ошонун ичинен 65 мектепте 45 913 окуучу ашыкча окуса, 33 мектепте 21 855 орун бош. Ошол үчүн азыр ушул көйгөйдү чечүү маселелери каралып жатат. Андан тышкары, бул жылы урбанизация, миграция маселелерине ылайык, борборго кошумча көп мектеп куруу керек болууда. 12 жылдык билим берүүгө өтсөк республика боюнча жалпы 200гө жакын мектеп керек. Бирок шаарда айрым мектептерде окуучу өтө көп болсо, айрымдарында аз. Бул маселени шаардык билим берүү башкармалыктары чечкенге аракет кылып жатышат. 12 жылдык билим берүүгө этап-этабы менен өткөндүктөн бул да акырындан чечилет. Жаңы билим берүүнүн концепциясын жазып бүтүп, министрлер кабинетинин токтому менен бекитүүгө киргизебиз. Концепцияда бир гана структураны тандаганбыз. Мында башталгыч мектепке 1-класстан 6-класска чейин, негизги мектепке 7-класстан 9-класска чейин жана орто мектепке 9-класстан 11-класска чейин кирет. Ушул этап менен жаңы системага өтөбүз. Алгач эки стратегияны сунуштаганбыз. Бул китептердин, СТЕМ сабактардын даярдалышына жараша болот. Эки жылдын ичинде 1-класстан 11-класска чейин СТЕМ багытындагы жана англис тили сабактарынын китептерин Кыргызстанга адаптациялап даярдап бүтөбүз," — деди Солтогулова.
Ал Сингапур багытындагы китептер 2026-жылы окуу китеби катары берилерин кошумчалады.