Баа жеткис тажрыйбасы бар жаш кардиолог - татаал операцияларды жасоо өнөрү

Sputnik
Медицина тармагында жаштык дайым эле кемчилик эмес. Дастан Малаев жаш кардиолог, ал болгону 33 жашта, бирок кардиохирургиядагы тажрыйбасы жана чеберчилиги таң калтырат. Ал Ысык-Көлдө туулуп-өскөн, медициналык билимин Бишкектен баштаган. Россиянын медициналык мекемелеринде керектүү практикадан өтүп, тажрыйба топтогондон кийин Кыргызстанга көчүүнү чечкен.
Бишкекте иштеген жылдары кесиптештеринин сыйына жана бейтаптардын урматына ээ болгон Дастан Малаев медицина тармагынын сырлары жана билим алуунун күңгөй-тескейи тууралуу айтып берди.