Ири ишкерлик менен мамлекеттин алакасы кандай болушу шарт?

Sputnik
Өлкөдө ири бизнестин болушу анын экономикасына түздөн-түз таасир этип, ал тургай геосаясий абалдарда да орду чоң. Бирок ошол мамлекет менен ири ишкерликтин мамилеси кандай болушу керек? Ири ишкерликти мамлекет өзү башкара алабы? Эмнеге жеке менчик статусундагы чоң компаниялар жылдар бою дүркүрөп өнүгүшөт? Кыргызстан чакан ишкерликтен ири бизнеске качан өтөт жана бул кайсы багыттарда болушу ыктымал?
Ушул жана башка соболдорго “Экономикалык панорама” программасында Улукбек Мамытов ой толгойт.