Жаңы агроальянс айыл чарбага кандай таасир этет – ишкерлер менен өкмөттүн эриш –аркак иши

Sputnik
Өлкөдө айыл чарбасындагы ассоциациялар биригип, агроальянс түзүштү. Биригүү биринчи кезекте Кыргызстанды негизги тамак-аш азыктары менен камсыз кылууга, атамекендик өндүрүштү өнүктүрүүгө, экспортук дараметти жогорулатууга жана өлкөнүн азык-түлүк көз карандысыздыгына жетишүүсүнө көмөк көрсөтүүнү көздөйт. Бул нерселерди кантип ишке ашырат? Кандай омоктуу пландарды түзүшүүдө?
Ушул жана башка суроолорго Кыргыз Республикасынын Балык чарбаларынын ассоциациясынын Президенти Ренад Досаев жана Кыргыз Республикасынын Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясынын аткаруучу директору Рустам Балтабаев жооп берди.