Астанада Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары башталат — ДКОго даярданууга 50 млн. сом бөлүнгөн. Бул азбы же көппү?

Sputnik
Быйыл V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 8-13-сентябрда Казакстандын Астана шаарында өтөт. Мелдештерге 85 өлкөдөн 2000ден ашык спортчу катышары болжолдонууда. Ага Кыргызстандан 268 спортчу барат. ДКОго Кыргызстан кандай даярдык көргөнү, окуу-машыгуу жыйындары, спортчуларды, командаларды тандоо турлары боюнча Дене тарбия жана спорт департаментинин Коомчулук менен байланыштар, эл аралык кызматташтык жана мамлекеттик мүлктү башкаруу бөлүмүнүн башчысы Артур Геворгян жана Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциянын директорунун орун басары Жеңишбек Нурчоро уулу сөз кылышты.