Мобилдик тиркеме аркылуу акча которууда комиссиялык акыны жокко чыгаруу сунушу — кимге пайда кимге зыян?

Sputnik
Улуттук банк коммерциялык банктарга мобилдик тиркемелер жана интернет-банкинг аркылуу акча которуу үчүн комиссиялык акы алууга тыюу салуу сунушун демилгеледи. Токтом долбоору жарыяланып, коомдук талкууга коюлду.
Бул демилгенин күңгөй-тескейин кеп кылуу үчүн Улуттук банктын төлөм системалары башкармалыгынын жетекчиси Эрлан Абдраимов менен маек курдук. Ал аталган сунуш ишке ашып калса, эл жана өлкөнүн экономикасы кандай пайда көрөрүн чечмелеп берди.