Шаардык мектептерге транспорт каралабы? Жаңы окуу жылына даярдыктар

Sputnik
Учурда Бишкек шаардык билим берүү департаментине 238 билим берүү мекемеси карайт. Булардын ичинен 121и орто мектептер, 111 бала бакчалар. Муну менен катар кошумча билим берүүчү 6 уюм бар. Бири шаардык, калгандары шаардын 4 районуна таандык. Барган сайын борборубуз кеңейүүдө. Буга чейин 103 муниципиалдык мектеп болсо, былтыркы окуу жылы 121 мектеп болуп аяктадык. Анткени жакын жайгашкан аймактардан бизге 18 мектеп жана 15 бала бакча кошулду. Баланын саны да көбөйдү. Ошону менен былтыр 228 миңдей бала мектепти аяктады.
Электрондук каттоо токтогон жок. Анткени айрым мектептер толбой жатканын Гузел Турдубаева билдирди. Ал мектептик транспорт маселеси да каралып жатканын айтты.