Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Путин Киев эмне үчүн согуштук аракеттерин токтото албай жатканын түшүндүрдү

Sputnik
БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Украинанын азыркы бийлиги президенттик шайлоо өткөрүүгө даяр болбогондуктан согуштук аракеттерди токтотууга кызыкдар эмес. Бул тууралуу РФ президенти Владимир Путин Кызыл шаарындагы мектепте ачык сабак өтүп жатканда айтканын РИА Новости жазды.
Анын айтымында, эгер согуштук аракеттер токтотулса бийлик аскердик абалды жоюшу керек болот.
"Андан кийин президенттик шайлоо өткөрүү зарыл. Азыркы бийлик ага даяр эмес, кайра шайлануу ыктымалдуулугу өтө төмөн. Мына ушул себептен согуштук аракеттерди токтотууга алар кызыкдар болушкан жок, ошол себептен Курскидеги чагымга барышты, ага чейин ушундай эле чагымды Белгород облусунда да жасоого аракет кылышкан", — деди Путин.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
ЦРУ Киев менен украин армиясынын Курскидеги аракеттерин талкуулап жатат