Радио

Жумалиева: эми жергиликтүү кеңештерде да майыптарга квота каралат

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Акбалык Жумалиева жергиликтүү кеңештерди шайлоого кирген мыйзамдагы өзгөртүүлөргө токтолду.
Sputnik
Эми жергиликтүү кеңештерде да майыптыгы бар жарандарга квота бөлүнөт. Мурда мындай эреже жок болчу. Мыйзамга кирген өзгөртүүлөргө ушул эреже да кошулду. Бул тууралуу Акбалык Жумалиева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, жергиилктүү кеңештердин талапкерлерине коюлган 1000 сомдук күрөө да алып салынды.
"Аймактык админстративдик реформанын негизинде жергиликтүү кеңештерди шайлоо мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилди. Ага ылайык, эми аялдардан сырткары майыптыгы бар талапкерлерге да квота каралат. Буга байланыштуу партиялар бирден майыптыгы бар талапкерди көрсөтүүгө милдеттүү. Ошондой эле шаардык кеңештерге шайлоо босогосу партиялар үчүн жети пайыздан беш пайызга кыскарды. Бардык талапкерлерге шайлоо күрөөсү деген 1000 сом болчу, бул дагы алып салынды. Анткени аны кайтаруу маселеси көп чырга алып келчү. Участоктордо шайлоочулардын максималдуу саны мурда 2500 болсо, азыр 3000ге көбөйдү", — деди Жумалиева.
Ал эми жергиликтүү кеңештерге депутаттар мурдагыдай төрт эмес, беш жылга шайланарын кошумчалады.