Бишкекте студенттердин окуусу эми саат 10:00дө баштала турган болду

Мындай чечим шаардагы жол тыгынын азайтуу максатында кабыл алынган.
Sputnik
БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Бишкекте жогорку окуу жайларында, кесиптик лицей, колледждерде сабак саат 10:00дөн эрте башталбайт. Бул токтомго Акылбек Жапаров кол коюп, маалыматты министрлер кабинети тастыктаган.
Мындай чечим шаардагы жол тыгынын азайтуу максатында кабыл алынган.
Андан тышкары, Бишкек мэриясы жаңы окуу жылында сабактар 07:30дан тарта баштала турган мектептердин тизмесин берген.
Буга чейин №69, 29, 70, 61, 9, 13, 95, 102, 4, 23, 33, 38, 43, 67 мектептер жогоруда айтылган убакытта окуп келишсе, эми аларга 30 мектеп, тагыраагы, 6, 24, 27, 48, 54, 83, 3, 14, 26, 37, 60, 62, 64, 2, 7, 8, 25, 47, 31, 42, 55, 68, 72, 74, 96, 12, 45, 52, 65, Лебединовкадагы №1 гимназия-мектеби кошулган.
Билим берүү министрлиги мектептердин каникул күндөрүн жана окуу жылын аныктады