Билим алууга умтулгула! Жапаров кыргызстандыктарды 1-сентябры менен куттуктады

Президент окуучу, студенттерге күч-дем, мугалимдерге чыгармачылык ийгиликтерди каалады.
Sputnik
БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров 1-сентябрь, Билим күнү менен кыргызстандыктарды куттуктады.
Мамлекет башчысы окуучуларга, студенттерге жаңы окуу жылына жаңы дем, жаңы күч, жаңы жигер менен киришин, ал эми мугалимдерге чыгармачылык ийгиликтерди каалаган.
"Билимдүүлөрдүн заманы болгондуктан ар тараптан билим алууга умтулгула деп кайрылат элем. Үйдөн адептүү болууга татыктуу тарбия, мектептен ар тараптуу терең билим алсаңар Кыргызстандын атагын чыгарып, туубузду бийик желбирете турган ийгиликтерге жетесиңер. Билим гана адамды эркин жана бийик кылат, деген жакшы сөз бар", - деген президент.
Өлкө башчынын билим берүү тармагы тууралуу айткандарынан:
Бул окуу жылында республика боюнча 127 миңден ашуун жеткинчек билим уясынын босогосун аттайт;
Санариптин, технологиянын заманынын арааны жүрүп жаткан кезде биз дагы дүйнө агымынан артта калбай, билим берүү тармагын өнүктүрүүнү артыкчылыктуу багыт катары карап жатабыз;
Бүгүнкү күндө республика аймактарында бардык шарттары бар заманбап мектептер курулуп, четинен ишке берилүүдө;
Быйыл билим берүүнүн сапатын арттырууга багытталган "Алтын казык" мамлекеттик программасын ишке ашыруунун алкагында мектептерде билим берүү системасын 12 жылдык форматка өткөрүү боюнча бир катар чечимдерди кабыл алдык;
Өлкөбүздүн тарыхында биринчи жолу мугалимдер үчүн ноутбук сатып алууга каражат бөлүндү. Буюрса биринчи этапта алар STEM предметтеринин мугалимдери, андан кийин бардык мектеп мугалимдерине берилет;
Мектептерде окуучулардын илимий-техникалык жактан билимин көтөрүү менен бирге улууларды, устаттарды урматтоого, элибиздин нарк-насилин, каада-салтын аздектөөгө, кыргыз тилин так билүүгө маани берилүүдө.
Радио
Касымова: быйыл бала бакчалардын мектепке даярдоо тайпасы ишин уланта берет