Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Украинанын дрондору Подмосковьедеги электр станциясына кол салууга аракет кылды

Киевдин бул аракетинен каза болгондор, кыйроолор жана өрт болгон эмес.
Sputnik
БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Подмосковьедеги Кашира мамлекеттик электрдик станциясына учкучсуз үч аппарат менен кол салуу аракети болду. Кашира шаардык округунун башчысы Михаил Шувалов каза болгондор жана кыйроолор жок экенин билдиргенин РИА Новости жазды.
"1-сентябрдын түнүндө Кашира мамлекеттик электрдик станциясына учкучсуз учуучу үч аппарат менен кол салуу аракети болду. Каза болгондор, кыйроолор жана өрт чыккан жок", — деп жазган ал Telegram-каналына.
Шувалов электр энергиясы үзгүлтүккө учурабаганын, станцияда ыкчам топ иштеп жатканын кошумчалаган.
Буга чейин Абадан коргонуу күчтөрү Подвосковьеде бир түн ичинде Украинанын учкучсуз учуучу беш учагы атып түшүрүлгөндүгүн маалымдаган. Тверь облусунун Конаково районунда дагы беш аппарат жок кылынган.
Мындан тышкары, бир түн ичинде Брянск облусунда 26, Воронежск облусунда ондон ашык, Тула облусунда үч, Курскиде эки учкучсуз аппарат талкаланган. Россиянын Абадан коргонуу күчтөрү Рязань менен Липецк облустарында дагы дрон менен кол салууну алдын алышкан.
Киев дээрлик күн сайын Россиянын чек ара жана борбордук аймактарына дрондор менен кол салууга аракет кылууда. РФтин абадан коргонуу күчтөрү алардын учуучу аппараттарын өз учурунда жок кылып жатат.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Белгородго Украина армиясы чабуул жасап, беш киши көз жумду