Камчаткада туристтер бараткан тик учак кулады. Видео

Алдын ала маалыматтар боюнча, бортто 19 жүргүнчү, экипаждын үч мүчөсү болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Камчаткада туристтер бара жаткан тик учак кулады. Алдын ала маалыматтар боюнча, ичиндегилердин баары каза болгонун РИА Новости агенттиги жазды.
"Учурда 17 адамдын сөөгү табылды. Издөө уланууда", — деп билдирген РФ Өзгөчө кырдаалдар министрлиги.
Окуя болгон жерде тогуз куткаруучу издөө-куткаруу иштерин жүргүзүүдө.
"Айлана жакшы көрүнбөй калгандан (туруксуз аба ырайынан) улам тик учак жарга урунган болушу мүмкүн", — деп кошумчалашкан министрликтен.
Ми-8 тик учагынын сынык-бөлүктөрү 980 метр бийикте болгон. Аны борт акыркы ирет байланышка чыккан жайдан табышкан. Алдын ала маалыматтар боюнча, ичинде 19 жүргүнчү, экипаждын үч мүчөсү болгон.
Кечээтен бери Камчаткадагы тик учак радардан көрүнбөй жаткан. Бүгүн аны Николаевка кыштагындагы Вачкажец тоолорунан табышкан. Тергөө комитети аба транспортторун пайдалануу боюнча коопсуздук эрежелерин бузуу беренелери менен кылмыш ишин козгоду.
Афганстандын Бадахшанында тоого учак кулады