Европа Вашингтон даярдаган ролду ойноп жатат. Песковдун маеги

Песковдун айтымында, Жо Байден президент болуп турган маалда АКШ менен Россиянын мамилеси болуп көрбөгөндөй бузулду.
Sputnik
БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. АКШнын дүйнөлүк окуяларга болгон мамилеси примитивизмге ыктап жатат. Алар элдин баарын эмне кылып, кантип жашоого үйрөткүлөрү келет. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Дмитрий Песков Павел Зарубин менен курган маегинде билдирген.
Песковдун кебинин урунттуу учурлары:
Россиянын потенциалы күтүлгөндөн жогору болуп чыкты, муну экономикалык өнүгүү жана экономиканы аскердик мобилизациялоо темпи далилдейт.
Европа өлкөлөрү алар үчүн Вашингтон даярдаган ролду өз кызыкчылыктарына жана салык төлөөчүлөрдүн капчыгына зыян келтирип ойноп жатышат. Бул аларды оор кесепеттерге кабылтат.
АКШ Украинанын айланасындагы жаңжалга түздөн-түз катышып жатат.
Жо Байдендин президенттиги учурунда АКШ менен Россиянын мамилеси болушунча бузулду.
"Американын кийинки президенти инаугурациялык сөзүндө АКШ тынчтыкты жактайт, Украинага колдоо көрсөтүүнү токтотуп, тараптарды сүйлөшүүгө чакырат деп айтат" деген пикир эми фантистика да.
АКШ 2014-жылга чейин Украина долбоорун иштеп чыгып, акча салып, төңкөрүш жасап, “пирожки таратты”. Бул долбоор өлкөнү НАТОнун саясий жана аскердик инфраструктурасына чөктүрүүнү караган. Алар сценарийди так аткарышты.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
"Абал оор". НАТО офицери Украинаны ким сатып кеткенин айтты