Радио

Көчмөндөр оюндарына даярданууга 50 млн. сом жумшалды

Дене тарбия жана спорт департаментинин коомчулук менен байланыштар, эл аралык кызматташтык жана мамлекеттик мүлктү башкаруу бөлүмүнүн башчысы Артур Геворгян Кыргызстан Астанада өтчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына абдан жакшы даярданганын айтты.
Sputnik
Казакстанда өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярданууга бюджеттен 50 миллион сомдон ашык каражат бөлүнгөн. Бул тууралуу Артур Геворгян Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, бөлүнгөн акчанын 8 миллион сому курама команданын спорттук кийимине жумшалса, спортчулардын окуу-машыгууларына 16 миллион кетти.

"Казакстанда өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 20 спорттун түрүнөн спортчулар катышат. Жалпы делегациянын курамы 288 кишиден турса, анын 180дейи спортчулар. Калгандары: медициналык персонал, машыктыруучулар, калыстар, расмий өкүлдөр. Алдыда өтө турган ири иш-чарага өлкө спортчулары жогорку даярдыкта барышат. Жыл башында Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярданууга бюджеттен 50 миллион сомдон ашык каражат бөлүнгөн. Акчанын 8 миллион сому курама команданын спорттук кийимине жумшалса, спортчулардын окуу-машыгууларына 16 миллион сом кетти. Мындан тышкары, көк бөрү, көкпарга жана жаныбар, канаттууларды жеткирүүгө 9 миллион сом каралган", — деди Геворгян.

Ал Астанадагы Көчмөндөр оюндарында Кыргызстан командалык эсепте 1-орунду алуу үчүн бардык күчүн жумшай турганын кошумчалады.