Чүйдө ири жол кырсыгы катталды. Каза болгон адам бар. Видео

Sputnik
БИШКЕК 1-сен. — Sputnik. Чүй облусунда ири жол кырсыгы катталды. Окуянын видеосун күбөлөр соцтармакка жарыялады.
Жол кырсыгы бүгүн саат 16:00дө Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун Ивановка айылына жакын жерде болгонун Sputnik агенттигине ЖКККББ билдирди.

"Алдын ала маалыматтар боюнча, каза болгон адам бар. Беш унаа кагылышса, анын бири Hyundai Porter. Учурда окуя болгон жерде Патрулдук милициянын кызматкерлери иштеп жатат. Окуянын чоо-жайы такталууда", — деди ведомство.

Тез жардамдын айдоочусу баңгизат колдонгон деген маалыматка анын жетекчиси жооп берди