Майрамдан кийин "Ала-Тоо" аянтынан 36 тонна таштанды чыгарылды. Видео

"Тазалыктын" жумушчулары аянтты жана анын айланасын түнү менен тазалашкан.
Sputnik
БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Бишкекте Эгемендүүлүк майрамынан кийин "Тазалык" "Ала-Тоо" аянтынан 36 тонна таштанды чыгарды. Бул тууралуу аталган мекемеден маалымдалды.
Муниципалдык ишкананын 100гө жакын жумушчусу атайын техникалар менен саат 2:00дөн 6:00гө чейин аянттан гана эмес, анын айланасындагы аймактардан да таштанды чыгарышкан. Учурда "Тазалык" ишканасы штаттык режимде иштеп жатат.
Айта кетсек, кечээ Кыргызстан көз карандысыздыктын 33 жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын салтанаттуу белгиледи.
Эртең менен бийиктиги 100 метрге жеткен желек көтөрүлдү. Ал эми кечинде "Ала-Тоо" аянтында Кыргызстандын 100 жылдык тарыхын чагылдырып театрлаштырылган оюн-зоок тартууланды. Келген эл Гүлнур Сатылганова, Бек Борбиев, Мирбек Атабеков, Амирчик, россиялык ырчылар Стас Михайлов, Филипп Киркоров, Люся Чеботина, Bosson тобу жана италиялык аткаруучу IN-GRID катышкан концертке күбө болушту.
Суунун боюнан таштанды жыйнаган Садыр Жапаров эс алгандарга кайрылды. Видео