Министрлик жаңы окуу жылындагы алгачкы сабак эмне тууралуу болорун айтты

Башталгыч класстарга "Билим – бул күч" темасында, 5-11-класстын окуучуларына "Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталар" темасында сабак өтүлөт.
Sputnik
БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. 2024-2025-окуу жылынын 2-сентябрында мектептердин 1-4-класстарынын окуучуларына "Билим – бул күч" темасында сабак өтүлөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги маалымдады.
Мекемеден белгилешкендей, сабактын максаты быйыл 100 жылдык мааракесин белгилеп жаткан Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түптөлүшүнө жана билим берүүгө чоң салым кошкон улуу инсандар жөнүндө маалымат берүү. Мындан тышкары, балдарга билимдин маанилүүлүгү жөнүндө түшүндүрүү.
Ал эми 5-11-класстын окуучуларына биринчи сабак "Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталар" темасында өткөрүлөт.
"Сабактын максаты Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүн түптөө үчүн Кыргыз автономиялуу облусун түзүүнүн маанисин түшүндүрүү, азыркы мамлекеттүүлүктү түптөгөн аталар жөнүндө айтып берүү, Кыргызстандын тарыхына жана азыркы заманга карата өзүнүн жарандык позициясын калыптандыруу " — деди министрлик.
Эске салсак, июль айында Садыр Жапаровдун жарлыгы менен беш адамга Азыркы кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталар наамы ыйгарылган. Алар Абдыкерим Сыдыков, Иманалы Айдарбеков, Жусуп Абдрахманов, Абдыкадыр Орозбеков жана Ишеналы Арабаев болду.
Билим алууга умтулгула! Жапаров кыргызстандыктарды 1-сентябры менен куттуктады