"Батуми" жана "Шашлычная №1" кафелеринин ордуна жаңы сейил бак ачылды

"Муун" паркынын аянты 40,5 гектарды түзүп, балдар аянтчасын, машыгуучу жай жана энелер бөлмөсүн камтыйт.
Sputnik
БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Бишкектеги Жал кичи районундагы "Батуми" жана "Шашлычная №1" кафелеринин ордуна жаңы сейил бак ачылганын Мамлекеттик курулуш агенттиги маалымдады.
1 / 2

Бишкектеги Жал кичи районундагы "Батуми" жана "Шашлычная №1" кафелеринин ордуна жаңы сейил бак ачылганын Мамлекеттик курулуш агенттиги маалымдады

2 / 2

Парктын ачылыш аземине шаар мэри Айбек Жунушалиев, агенттиктин директору Нурдан Орунтаев катышты

Билдирүүгө ылайык, парктын ачылыш аземине шаар мэри Айбек Жунушалиев, агенттиктин директору Нурдан Орунтаев катышты.
Жаңы сейил бак "Муун" деп аталган. Анын аянты 40,5 гектарды түзүп, балдар аянтчасын, машыгуучу жай жана энелер бөлмөсүн камтыйт.
"Ал кыргыз колоритинде жасалды", – дешти агенттиктен.
"Батуми" Жал кичи районундагы Тыналиев көчөсүнүн боюнда жайгашкан. 2023-жылдын 24-майында ал кездеги Бишкектин вице-мэри Нурдан Орунтаев баш болгон аткаминерлердин тобу кафеге келип, атайын техника менен буздура баштаган. Кафенин ээси аларга расмий эскертүү берилбегенин, сот чечими жок буздурулуп жатканын айтып чыккан. Бир күндөн кийин УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен ал жакка барган.
Кийин УКМКдан Орунтаев жабырлануучу тарапка келтирилген зыяндын ордун толтуруп берүүгө милдеттендирилген. Кафени буздуруудан келтирилген чыгым 3 миллион сомдон ашары айтылган.
Ташиев жаңы Ак үй эмнеге тосулганын түшүндүрүп, элди экскурсияга чакырды