Согуштан келген уулун энеси тааныбай... Апсамат Аширбаевдин бааланбай калган эрдиги

Темиркул Үмөталиевдин "Үч баатыр" поэмасындагы бир баатыр Апсамат Аширбаев 19 жашында согушка аттанат. Көптөгөн эрдиктерди жасаганы менен ага баатырдык наам берилбей калган. Танк менен кошо күйүп, бирок аман калган баатыр калган өмүрүн билим берүүгө арнайт.
Sputnik
Sputnik Кыргызстан радиосунун "Туяк" программасында конокто Апсамат Аширбаевдин уулу Чубак Аширбаев жана Кубат Жуматаев атындагы Кыргыз-Россия коомдук фондунун жетекчиси Таалайбек Жуматаев болду. Биз Улуу Ата Мекендик согуштун баатыр жоокери Апсамат Аширбаевдин согуштагы жана андан кийинки өмүр жолу тууралуу баарлаштык.
Чубак Аширбаев: — Темиркул Үмөталиевдин "Үч баатыр" чыгармасындагы бир баатыры менин атам
— Алгач Апсамат Аширбаевдин ата-энеси, кичи мекени тууралуу сурасак...
Чубак Аширбаев: — Темиркул Үмөталиевдин "Үч баатыр" чыгармасындагы бир баатыры —менин атам. Ал 1922-жылы Кемин районуна караштуу Кашкелең айылында төрөлүптүр. Жаңы-Алыш орто мектебин бүткөн соң мектепте иштеп калат. Кийин 1941-жылы согуш башталат. Ошону менен атабыз 19 жашында согушка кетет. Согуштан Кавказ багыты боюнча Грозный шаарына туш келет. Немецтин Европаны басып алган тандалма полктору менен кармашып эрдик кылган. Анда 8 немец жоокерин унтер-офицери менен кошо колго түшүрүп, командирине доклад берет. Туткун офицер көп көрсөтмө берген экен. Бирок бул эрдиги да белгиленген эмес. Андан кийин танкист катары кайра даярдап, окту ташып, мээлеп берип (наводчик) кызмат өтөйт. Ошондой кармаштын биринде снаряд жарылып танкага тиет. Командири "бизди немецтер курчап калды, эми танкадан чыкпай эле биротоло барымтага алынганда баарыбыз өлөлү" дейт. Ошентип фашисттер танканы сыртынан саман менен өрттөй башташат. Булар ичинен чыкпай отура беришет. Жай мезгили экен. Танканын ичи аябай ысыйт. Бир убакта Кызыл Армия контрчабуул жасаганда немецтер танканы жардырып качат. Ошондо термикалык снаряд менен жардырган окшойт. Атам "катуу жарылганын билем, андан башкасы эсимде жок" деп айтып калчу. Көп күндөн кийин эсине келип көзүн ачса госпиталда жаткан болот. Ошол кезде Темиркул Үмөталиев 40 жаш чамасында, саясий жетекчилик кызматтагы капитан экен. Фронтто да кыргыздар бири-бирин толуктап жүрүшчү тура. "Бул танкада Апсамат бар эле, көөмп коёлу" деп барып, атамды танканын алдынан эс-учун жоготкон абалда табышат. Көрсө снаряд жарылганда люк ачылып кетип, атам танканын алдына түшүптүр. Ошентип Үмөталиев сактап калган. Госпиталда көп жатат. Алгач көзү да көрбөйт. Денесинин тамтыгы жок. Акыры 1944-жылы госпиталдан айылына чыгып келген.
Апсамат Аширбаевдин уулу Чубак Аширбаев
— Терисинин баары күйүп калган да...
Ч.А.: — Ооба, кебетеси билинбейт. Капкара күйгөн жигит келип эле энесин "апа" деп басып калса, апасы тааныбай чочуп түртүп жиберет. Ошол кезде атасы ары жактан келе жаткан экен, баласын үнүнөн таанып "өз балаңды тааныбайсыңбы" деп кемпирин урушуптур. Күйүктөн колдору тырышып эпке келбей, буттары да жакшы кыймылдабай калат. Бир ирет атам райондук борбордо сыранын кружкасын кармап иче албай жатканын ары жакта карап отурган аксакал абышка көрүп, эмне болгонун сурайт. Атам болгон окуяны айтып берет. Анда тиги аксакал "атаңа барып айт, жылкынын казысын таап келип, алты ай жатарда колу-бутуңа сүйкөсүн. Казыны сүйкөтүп, анан оронуп жылуу жат" дейт. Айтканын жасап кийин алты ай өтүп, колу-буту кыймылдап айыгып кетиптир. 1945-жылдан 1951-жылга чейин Фрунзе пединститутунда окуйт. Андан соң Кашкелең орто мектебине директор болуп калат. Үйлөнөйүн десе атама эч ким тийбейт. "Капкара немеге эмнеге тиймек элек" деп чанышкан го. Анан жолдоштору болбой бир мугалим кызды ала качып берип коюшат. Апабыз болсо согуш башталганда мектепти бүтүп, мугалим жок болгондуктан 16 жашынан балдарга сабак берип калыптыр. Экөө 10 балалуу (7 эркек 3 кыз) болушат. Балдарынын баарына жогорку билим беришти. Баары тең башкы инженер, мугалим, полковник, экономист, бажычы болушту. Бир карындашымды Москвада окутту. Бир иним Афганстанда кызмат кылып, Ардак громата менен сыйланды.
Атам абдан эмгекчил эле. Мектепте балдарга сабак бергенден тышкары, жайкысын талаада жер сугарып 15 жылдай иштеди. Биз да барып жардам берчүбүз. Анда да эмгектин ардагери болду. Ошентип 1993-жылы көзү өтүп кетти.
Каза болгондон кийин айылдын эли атамдын эмгегин эскерип, мектепке, көчөгө атын беришти. 19 жашында согушка кетиптир, башынан кандай гана кыйын күндөр өткөн жок?..
Чубак Аширбаев: — Атам абдан эмгекчил эле. Мектепте балдарга сабак бергенден тышкары жайкысын талаада жер сугарып 15 жылдай иштеди. Биз да барып жардам берчүбүз. Анда да эмгектин ардагери болду. Ошентип 1993-жылы көзү өтүп кетти.
— Ооба, кийиин атаңызга арналып чыгарма да жазылыптыр. Темиркул Үмөталиевдин "Үч баатыр" деген поэмасын окуп, ал тууралуу сиздерге эмнелерди айтчу эле?
Ч.А.: — Ал чыгарма 7-класстын программасында бар болчу. 1980-жылдардан кийин окуудан алдырып салышты. Атабыз согуш жөнүндө айтканды жаман көрчү. Ачарчылык, кыйынчылык күндөрдү эстегиси келчү эмес. Өзүм армияда Германияда кызмат өтөгөм. Улуу Ата Мекендик согуштан калган танк, курал-жарак, кармаш жүргөн жерлердин баары сакталуу болчу. Көргөм. Аскерлер менен токоюна бардык. Согуш талаасы экен. Ар бир 50 метр сайын ДОТ (узак мөөнөттүү атышуу пункту — ред.) турат. Ал жерден адам эмес чычкан жөрмөлөп өтө албайт. Согуш болбой эле койсун, октон, ачарчылыктан көп киши кырылган да. Атам деле кудайдын дарманы менен жанагындай кыргындан аман калып, 10 балалуу болуп отурат. Кээде "мен согушта жүргөндө ушундан аман калып үйүмдү бир кайрылып көрсөм, чочко багып жашасам да ыраазы элем дечүмүн" деп калчу. Демек, ошончого жеткен да. Атам баарыбызды үйлөнтүп, кыздарын турмушка берди. Бир гана кичүү инимдин тоюн көрбөй калды.
Чубак Аширбаев: — Атабыз согуш жөнүндө айтканды жаман көрчү. Ачарчылык, кыйынчылык күндөрдү эстегиси келчү эмес.
— Кичүү баласы Афганстанга кеткенде жаман болсо керек?
Ч.А.: — Атам негизи эрки күчтүү адам болчу. Мисалы, мен аскерге кетип жатканда колумду кысып "жакшы барып кел" деди да, бурулуп басып кетти. Апам болсо бетимден өптү. Болду. Келгенде деле ошол. Башка балдардын апалары ар кайсы бурчта ыйлап, атасы коштоп узатчу да. Инимди деле ошентип узатып, ошентип тосуп алган. Эмоцияга алдырчу эмес. Ичиндеги сырын чыгарган жок.
Чубак Аширбаев: — Кээде "мен согушта жүргөндө ушундан аман калып үйүмдү бир кайрылып көрсөм, "чочко багып жашасам да ыраазы элем" дечүмүн" деп калчу. Демек, ошончого жеткен да. Атам баарыбызды үйлөнтүп, кыздарын турмушка берди. Бир гана кичүү инимдин тоюн көрбөй калды.
— Ал эми Эл агартуунун отличниги наамын качан алды?
Ч.А.: — 1985-жылдары алды го. Пединститутта окугандан кийин университетте окуп, артыкчылык менен бүткөн. Окуучуларынын баары жакшы кызматтарда иштеп, билимдүү болушту. 2022-жылы атабыздын 100 жылдыгын белгиледик. Баары эле "агай мындай эле, андай эле" деп жалаң гана жакшы сөздөр менен эскеришет. Ушундай адамдын уулу болгонума сыймыктанам.
Чубак Аширбаев: — Пединститутта окугандан кийин университетте окуп, артыкчылык менен бүткөн. Окуучуларынын баары жакшы кызматтарда иштеп, билимдүү болушту. 2022-жылы атабыздын 100 жылдыгын белгиледик. Баары эле "агай мындай эле, андай эле" дешип жалаң гана жакшы сөздөр менен эскеришет
— "Курбалдашым, куралдашым Кубатым" деген гезиттеги макаланы окуп, анан изилдөө жүргүзүп баштаган экенсиз?
Таалайбек Жуматаев: — Биздин үйдөгү гезиттердин биринен ушул макаланы окуп калдым. Макаланын автору Кемин районунун Кызыл-Октябрь орто мектебинин мугалими, согуштун 2-топтогу майыбы, Кыргыз ССРинин эл агартуусунун отличниги Апсамат Аширбаев деп жазылып турат. Аны көтөрүп алып китепканадан изилдеп отуруп, "Мугалимдер газетасына" 1985-жылы 21-июнда чыкканын таптым. Мында Аширбаев Темиркул Үмөталиевдин "Кубат" поэмасы тууралуу да жазыптыр. Ал поэма 1975-жылы "Ала-Тоо" журналына жарыяланган экен. Анда Үмөталиев кандайча согушка барганын, Апсамат Аширбаев, Кубат Жуматаев жана Асылкерим Осмонов менен кантип таанышканын баяндайт. Булардын Афганстанга барган эң кичүү иниси Келдибек биздин айылдык бир бала менен чогуу кызмат өтөп, андан сураштырыптыр. Ошол аркылуу биз табышып жатабыз. Кеминге барып музейин көрдүм. Кийин командирин Кыргызстанга чакырып Апсамат Аширбаев Ысык-Көлдү кыдыртып эс алдырган экен.
Кыргыз-Россия коомдук фондунун жетекчиси Таалайбек Жуматаев
Ч.А.: — Кийин атам Чеченстанга Кубат Жуматаев коюлган жерге барып, куралдашына куран окутуп келген. Ал жактан Кыргызстандагы чечен кошунабызга да жолугуп калат.
Бул жактан согушка чогуу кетип, кийин Кубат Жуматаев каза болгондо азасына катышкан. Ошол себептен кайда көмүлгөнүн билген. Бир полкто кызмат кылып, кийин ал полк чачыратылып, атам танк аткычтарга кетет. Грозный бир айдан ашык күйүп турганын айтчу. Азыр Чеченстандагы классташымдан сурасам шаарды айландыра казып, нефть куюп өрт коюшканын айтты. Ошону менен шаарды сактап калышыптыр. Анткени ал жерлер стратегиялык аймак болчу да.
Т.Ж.: — Тарыхый маалыматтарды окусак, ошол жерде 10-сентябрдан 10-октябрга чейин бир эле ротадан 440 киши өлүптүр. Анын 17си — кыргыздар. Бир кадам да артка жылбай коргошкон. Азыр изилдеп жатышат. Миңдеген сөөктөр жатат. Табылганын бир туугандык күмбөзгө коюшууда.
Өзү жөнүндө 6 куплет ыр жазып, дүйнө салган. Акын Эркалы Өскөналыны эскерген маек