Байден Газа боюнча сүйлөшүү жүргүзгөн тараптар бир ымалага келишкенин билдирди

АКШ президентинин айтымында, тараптар учурда келишим түзүүнүн босогосунда турушат.
Sputnik
БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Газа секторунда атышууну токтотуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн тараптар бир келишимге келүү боюнча принципиалдуу макулдашууларга жетишишти. Бул тууралуу АКШ президенти Жозеф Байден ишембиде журналисттерге билдиргенин РИА Новости жазды.
"Биз бир келишимге келүүгө жакындап калдык деп ойлойбуз. Алардын баары принциптерге (макулдашуудагы – ред.) макул экенин билдиришти", – деген Байден. Ал сүйлөшүүлөрдүн бул этабындагы жылыштарга оң баа берерин кошумчалаган.
Байдендин айтымында, тараптар учурда келишим түзүүнүн босогосунда турушат.
"Бул согушка чекит коюш керек", – деген Байден.
Байден кийинки президентке согушка чулганган өлкөнү "мураска" калтырары айтылды