Апам менден кеткен күн... Актриса Айгерим Саматованын видеомаеги

Юмор, сатира жанрында иштеген саналуу аялдардын катарында актриса Айгерим Саматова да бар.
Sputnik
Мындан 10 жылдай мурун актёр Нурбек Юлдашев менен актриса Айгерим Саматованын "Кыска тамашалары" көрүүчүлөр тарабынан жакшы кабыл алынган. Тандем кийин уланбай калганы менен алар чыгармачылыктарын жөндөп кетишти. Учурда Саматова тасмаларга тартылгандан тышкары социалдык тармактарда баракчаларын активдүү жүргүзөт. Коомдогу түрдүү көйгөйлөрдү, жакшы көрүнүштөрдү да күлкүлүү видеотасмалар менен жеткирип келет.
"Мен "Кыска тамашаларга" тартылып баштаганда көчөдөн таанышып, сен баягы күлдүргөн кызсың да, сонун күлдүрөсүң деген сыяктуу сөздөрдү көп айтып калышты. Мага бул сөздөр жагып жүрдү. Анткени күлдүрүү менен кошо өзүм да позитивдүү маанайда жүрүп калдым, позитивдүү маанайда жүрсөң бардык көйгөйлөрдү да жеңил кабыл алып баштайт экенсиң", — деди ал.
Саматова биз менен курган маегинде бала кезине кайрылып, окуучулук күндөрү апасын күтүү менен өткөнүн эскерди. Айтымында, апасы аны жети жашында таенесине таштап, миграцияга кетип, 17 жылга чейин келген эмес. Ага удаа эле студенттик күндөрү тууралуу да баяндады. Анткен менен учурда ал бактылуу жубай, эне. Актриса азыр анын биринчи күйөрмандары кайын журту экенин белгиледи.
Тема боюнча:
Жарымым, түгөйүм жолуккан жок. Шайыр Касымалиеванын видеомаеги