2-сентябрга карата аба ырайы

2-сентябрда туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ысык-Көл облусунун тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.
Sputnik
БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Дүйшөмбүдө республиканын көпчүлүк аймактарында жана тоолуу жерлеринде жаан жаайт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүйдө +15…+20, Талас аймагында +14…+19, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +25…+30, Ысык-Көл жергесинде +15…+20, Нарын өрөөнүндө +18…+23 градус жылуу болот.
Күндүн табы баш калаада +18…+20, ал эми Ош шаарында +28…+30 градуска чейин көтөрүлөт.
Радио
Кыргызстанда синоптиктер жетишпейт