Жапаров Ташиевге генерал-полковник наамын ыйгарды. Видео

УКМКнын жетекчисинин буга чейин генерал-лейтенант чини болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге жогорку аскердик генерал-полковник наамын берди.
Бул Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына карата өткөрүлгөн салтанатта ал Ташиевдин мамлекеттин коопсуздугу үчүн чек араларды бекемдөөдөгү, күч түзүмдөрүндө реформа жүргүзүүдөгү, андан сырткары, коррупция менен күрөшүүдө салымы чоң экенин айтты.
УКМКнын жетекчисинин буга чейин генерал-лейтенант чини болгон. 2022-жылы Жапаров ага Кыргыз Республикасынын Баатыры наамын ыйгарган.
Сыйлык кечээ ачылган "Ынтымак ордодо" тапшырылды.
Эгемендигибизге доо кетпесин! Садыр Жапаров кыргызстандыктарга куттук айтты